Борбор калаанын муниципалитети айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү демилгесин көтөрүүдө.

Мэриянын түзүмүндө башкы планды ишке ашыруу үчүн кабыл алынган зарыл шаар куруу документтерин иштеп чыга турган, ошондой эле курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерин жана башка маселелерди чечүүчү «Бишкекбашкыплан долбоорлоо институту» муниципалдык ишканасы түзүлгөн.

Мында ресурстарды үнөмдөө, экономикалык эффективдүүлүк, адам фактору маселелери чечилет. Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты ишке ашырууну Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти тарабынан сунушталган тапшырыкчы   «Бишкекбашкыплан долбоорлоо институту» муниципалдык ишканасы менен бирге ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык борборду пландаштыруу жана өнүктүрүү бекитилген шаар куруу документтерине жана жерди пайдалануу жана өнүктүрүү эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Алсак, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, архитектура жана шаар куруу мамлекеттик мекемелеринин аймактык бөлүмдөрүнүн ишин башкарууну жана контролдоону ишке ашыруу; шаар куруу чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; шаарда жана шаар четиндеги райондордо колдонулуучу мамлекеттик, архитектуралык, шаар куруу жана курулуш саясатын иштеп чыгууга катышуу; мыйзамда белгиленген тартипте бекитилген шаарды өнүктүрүүнүн жана башкы планын ишке ашыруу боюнча субъекттердин ишин координациялоо; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерди пайдаланууну контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциясына кирет.

Бирок, иш жүзүндө, азыркы учурда шаар куруу маселелери, ошондой эле архитектура, курулуш, реконструкциялоо, объекттерди профилин өзгөртүү, башкача айтканда, Бишкек шаарынын аймагында шаар куруу документтерин тикелей ишке ашыруу маселелерин  Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемеси карайт. Бул мамлекеттик орган шаар куруу жана техникалык документтерди кармоочу, пайдалануучу жана ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси Мамкурулуштун карамагына өткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын катышуусу менен шаар куруу жана архитектура тармагындагы маселелерди чечүүнүн укуктук механизмдери күчүн жоготту.

Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүндө жергиликтүү деңгээлдеги күчтүү өзүн-өзү башкаруу бир нече кылымдар бою иштеп, калктуу конуштарда нормалдуу тиричиликти түзүп, жергиликтүү өнүгүүнү камсыз кылып келет. Муниципалдык башкаруу Түндүк Америка штаттарында күчтүү, ал эми акыркы он жылдыктарда ал бир кездеги Түштүк Американын борборлоштурулган штаттарында, Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө: Кытайда, Индияда, Японияда ж.б. динамикалуу өнүгүп келе жатат.

Кыргызстан мамлекеттик бийликтин негизги принциптеринин бири катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын чектөө принцибин жарыялаган өлкөлөрдүн мүчөсү болуп саналат.

Бишкек шаарында шаар куруу документтерин, курулуш нормаларын жана эрежелерин сактабоо курч көйгөйү бар, бул борбордун сырткы көрүнүшүнө гана эмес, жарандардын жашоо шартына да терс таасирин тийгизип, ошондой эле деградация коркунучун жаратат.