Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө бөлүмү П.Лумумбы-Кубаныч көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер участогун максаттуу эмес пайдалануу боюнча «Касым Групп» ишканасынын жетекчилиги менен биргеликте иш алып барууда.

Иш Бишкек мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин  катына ылайык жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында «Касым Групп» ишканасынын директору 2022-жылдын 21-декабрына чейин ишкананын аймагындагы жеңил объектилерди өз ыктыяры менен демонтаждоо милдетин алды.

Эгерде компания убадасын аткарбаса, жетекчилик тиешелүү чараларды көрүүгө аргасыз болот.