«Тазалык» муниципалдык ишканасы түнү бою унаа жүрүүчү жолдорду жана тротуарлардагы карды тазалап, жолдорго туз чачуу иштерин жүргүздү.
Азыр линияда 37 атайын техника иш алып барууда. Алар Маз КО — 26, Зил 130 — 1, алдыңкы жүктөгүч — 1, УКМ — 4, Беларусь трактору — 5.
Көчөлөрдү ДЭУнун 27 кызматкери жана 620 жумушчу тазалоодо. Азыркы тапта 514 тонна туз пайдаланылды.
Урматтуу айдоочулар жана шаар тургундары жолдо этият болуңуздар.