«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы шаардагы арыктарды тазалоо иштерин күчөтүүдө.
Таң эртеден жашылдандыруучулар Анкара көчөсүндө Чолпон-Ата көчөсүнөн баштап Виноградный көчөсүнө чейин , 7 апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, Горький көчөсүндө Манас проспектинен баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, ошондой эле Манас проспектисинде Чокморов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин тазалоо иштерин жүргүздү.
Мындан тышкары жашылдандыруучулар отоо чөптөн жашыл аймактарды тазалап жатышат.
Ирригация тармактарын тазалоо күчөтүлгөн режимиде декабрь айынын аягына чейин уланат.