Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери «Зордук-зомбулуксуз жашоо» акциясын өткөрүштү.

Алар №4 орто мектептин өкүлдөрү жана окуучулары менен бирге Свердлов районунун аймагына жөө жүрүш жасашты.

Жөө жүрүштүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери жана мектеп окуучулары менен «Зордук-зомбулуксуз жашоо» деген темада шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан тышкары, жашы жете электерге карата зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу да түшүндүрүү иштери өткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, жүрүшкө дагы бир нече активдүү жарандар кошулган.