Борбор калаанын акимияттары өздөрүнүн карамагындагы аймактардагы түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте тышкы жарнаманы тартипке келтирүү боюнча рейддерди өткөрүп келүүдө.

Октябрь районунда өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында 43 жарнама конструкциясы демонтаждалган. Буга чейин комиссия жарнама жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Свердлов районунун аймагында да тышкы жарнаманы иретке келтирүү боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 2022-жылдын 6-декабрына карата уруксаты жок орнотулган 473 жарнама конструкциясы жана 3 жеңил объект демонтаждалган.

Ошондой эле, акимияттын кызматкерлери  тарабынан Бишкек шаарынын аймагында эрежелерге туура келбеген жарнак түзүмдөрүн жайгаштырууга, анын ичинде уруксатсыз соодага жол бербөө боюнча 403 эскертүү берилген.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.
Рейддик иш-чаралар иш-планга ылайык жума сайын өткөрүлүп турат.