16 күндүк акциянын алкагында “Биздин күч-аракетибизге кошул! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотуу боюнча активдүүлүк» деген аталыштагы кеңешме өткөрүлдү.

Зордук-зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдарга жардам берүү борборунун, СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча шаардык борбордун, Эндокринологиялык борбордун, билим берүү уюмдарынын, РИИБнин, МАБдын өкүлдөрү жана райондун активдери катышты.

Алгач катышуучуларга зордук-зомбулук темасында социалдык ролик көрсөтүлүп, андан соң ВИЧ-инфекция, СПИД жана кант диабетинин алдын алуу боюнча презентация көрсөтүлдү.

Жыйындын соңунда каалаган каалоочулар ВИЧ -инфекциясына анонимдүү тесттен акысыз тапшырышты.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында 25-ноябрда гендердик зомбулукка каршы “Коркпо! Токтот! Жаша! кампаниянын башталышы тууралуу билдирген.