«Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасы ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жана жабык коллектордук-дренаждык тармактарды үйлөө, ошондой эле Ала-Арча дарыясын тазалоо иштерин кызуу улантууда.

Азыр аталган кызматтын кызматкерлери төмөнкү  көчөлөрдө иштеп жатышат:

- Суворов көчөсү  Гормолзоводдон ЗБЧКга чейин;

- Витебская көчөсү  Элебесов көчөсүнөн Арал көчөсүнө чейин;

- Фере көчөсү  Мусоргский көчөсүнөн  Сеченов көчөсүнө чейин;

- Фере көчөсү  Орозбеков көчөсүнөн  Мусоргский көчөсүнө чейин;

- Боталиев көчөсү  Семёнов көчөсүнөн  Мусоргский көчөсүнө чейин;

- Залкар көчөсү  Курский чолок көчөсүнөн  Щербаков көчөсүнө чейин (БЧК жээги).

«Ала-Арча» дарыясын төмөнкү көчөлөр боюнча  тазалап жатышат:

- Жаманбаев көчөсү;

- Л.Толстой  көчөсү темир жолго чейин;

- И.Ахунбаев көчөсү  А.Малдыбаев көчөсүнө чейин;

- Л.Толстой  көчөсү Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейин.

Жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери «Ак-Босого» конушунун Саадаев көчөсүн бойлото, Чүй 31 МЧКга чейин, профессор Зима көчөсү  Чүй 57ден Саадаевге чейин жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаар тургундары! Негизги каналдарды жана коллектордук-дренаждык тармактарды таштандыга толтурбоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.