Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров муниципалитеттин имаратында Екатеринбург шаарынын мэри Алексей Орлов баштаган Урал бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар шаарды өнүктүрүүдө тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык жана билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн талкуулашты.
Бишкек шаарынын мэри шаарлар ортосунда 1996-жылы түзүлгөн өнөктөштүктү кеңейтип жигердүү иш алып баруу маанилүү экенин белгиледи.
Өз кезегинде Екатеринбург шаарынын мэри калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровду 2023-жылы жайында Уралдын борборунда өтө турган Эл аралык университеттик спорт фестивалына чакырды.
Жолугушуунун соңунда тараптар мамилелердин экономикалык багытында кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде эки шаардын бизнес-коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты жолго коюуга үмүттөнөрүн билдиришти.
Иш сапардын алкагында коноктор, И.В. Панфиловдун эстелигине гүл чамбар коюшту.
Эске салсак, өткөн жылы Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелигинин так көчүрмөсү Бишкекке алынып келинип орнотулган. Көчүрмө Россиянын Свердлов облусу менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында колодон куюлган.