2-декабрдан 6-декабрга чейин Бишкек шаарынын жалпы орто мектептеринин директорлору үчүн «Билим берүү уюмун эффективдүү башкаруунун теориясы жана практикасы» темасында билимин жогорулатуу курсу өткөрүлдү.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Курстар Казань Федералдык Университетинин Елабуга институтунун профессордук-окутуучулук курамын тартуу менен биринчи жолу өткөрүлдү.

Мектеп директорлору курсту ийгиликтүү аяктап, Россия Федерациясынын мамлекеттик стандартындагы квалификацияны жогорулатуу курсун аяктагандыгын тастыктаган документтерди алышты.

Окутуу билим берүүнүн эки түрдүү форматында өттү: аралык (дистанттык) форматта биринчи модуль жана күндүзгү форматта экинчи модуль.

Күндүзгү форматтагы окуутууга Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын депутаттары жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы катышты.