Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен чын дилден куттуктайм.

Бүгүнкү майрам Сиздер менен бирге  биздин,  ар бир көрүүчү жана угуучу үчүн дагы өзгөчө майрам. Анткени, кыргыз телерадиосунун көрсөтүүлөрү, уктуруулар баардык  кыргызстандыктардын үйүндө күндө  көрсөтүлүп, турмушубуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп калган.
Өнүгүүнүн демократиялык жолунда бара жаткан өлкөбүздө, коом турмушундагы окуяларды чебер чагылдырууда, омоктуу ой калчаган талкууларды берүүдө, эл аралык байланыштарды түзүүдө бейтараптык жана калыстык менен айкалыштырып жигердүү иштерди аткарып келе жатасыздар. Ал үчүн сиздерге терең ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Жашап жаткан доорубузда ар кандай олуттуу окуялар орун алып, терс маалыматтык атаандаштык күч алып жаткан мезгилде cиздер аркалаган  кеисптин орду өтө чоң деп эсептейм. Сиздердин негизги миссияңыздар – бийлик менен коомдун ортосундагы диалогду камсыз кылуу, элдин кызыкчылыгына, өлкөдөгү тынчтык менен туруктуулукка кызмат кылуу, жалпы адамзаттык руханий жана маданий баалуулуктарды сактоо экенин жакшы билебиз.

Андыктан, элибиздин купулуна толгон жагымдуу берүүлөрдү, уктурууларды уюштуруп, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин курууга өз салымыңыздарды кошо беришиңиздерге тилектешмин.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй бүлөңүздөргө ынтымак, жалпы жамаатыңыздарга чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Сиздерди урматтап Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров