Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо эл аралык күнүнө арналган бир айлыктын алкагында Ленин районунун акими Русланбек Тагаев №164 адистештирилген бала бакчага жана №22 адистештирилген мектепке барды.

Район башчысы адистештирилген мекемелердин шарттары менен таанышып, окуучулар жана эмгек жамаатары менен баарлашты.

№22 мектептин окуучулары концерттик программа уюштуруп, окуучулар тарабынан жасалган галереяны көрсөтүштү. Ал эми №164 бала бакчанын тарбиялануучулары Бугу эне жөнүндөгү жомоктон үзүндү көрсөтүштү.

Иш-чаранын алкагында жетекчи райондук жана шаардык иш-чаралардын жеңүүчүлөрүнө грамоталарды тапшырып, директорлорго 40 миң сом материалдык жардам көрсөтүү максатында сертификаттарды тапшырды.