№14 орто мектептин базасында борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачеванын, ошондой эле Октябрь районунун акими Азамат Дороевдин катышуусунда  «Гендердик зомбулукка каршы жигердүү иш-аракеттердин 16 күнү» акциясынын алкагында «Биз аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту бирге токтотобуз!» урааны астында иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага 6-11-класстын окуучулары активдүү катышып, алар үчүн Балдарга жардам берүү борборунун кызматкерлери тематикалык видеоролик көрсөтүштү.

Мектеп окуучуларынын аракети менен Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасынан спектакль көрсөтүлдү. Зомбулукту айыптаган плакаттар жана аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка көңүл бурууга чакырган ураандар иштелип чыккан.

Аялдар менен кыздардын физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылган учурлары каралып, талкууланып, психологдор үй-бүлөдө жана мектепте зордук-зомбулукка жол берилбестигин белгилешти.

Катышуучулар бардыгын биригүүгө жана аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көйгөйлөрүнө коомдун мамилесин өзгөртүүгө чакырышты!