Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков жеке маселелер боюнча шаар тургундарын кабыл алды.
Район акимине кайрылуулар негизинен материалдык жардам, социалдык жеңилдиктер жана жеке маселелерге байланыштуу болду. Бүгүн үч адам катталды.

Бардык кайрылуулар катталып, каралып, сүйлөшүү учурунда түшүндүрмөлөр берилип, калгандары көзөмөлгө алынып, чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлдү.

Ленин районунда болгон жеке кабыл алууда шаар тургундары ишке орноштуруу, жер тилкелерине мамлекеттик актыларды алууга көмөктөшүү жана турак-жай маселеси боюнча кайрылышты.

Бардык кайрылуулар боюнча район башчысы райондук кызматтардын жетекчилерине жана муниципалдык администрациянын бөлүм башчыларына айтылган көйгөйлөрдү карап чыгып, аларды чечүү боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Октябрь районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда аймактын жашоо-турмушу жана көрктөндүрүү, ошондой эле материалдык жардам көрсөтүү жана социалдык жактан тейлөөнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Шаардыктардын бардык кайрылуулары боюнча тиешелүү райондук кызматтардын жетекчилерине жана жетекчилердин орун басарларына бардык көтөрүлгөн маселелерди колдонуудагы мыйзамдардын чегинде жана ыкчам чечүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, муниципалдык администрацияда “Бирдиктүү терезе” иштейт, ошондой эле электрондук почта: adm-oktyabr@bk.ru, анда ар бир каалоочу өзүнүн каттарын жана кайрылууларын калтырып, ошондой эле мекеменин жетекчисинин жеке кабыл алуусуна жазыла алат.

Бирдиктүү терезе иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү даректе ачык:  Байтик-Баатыр көч. №17 (биринчи кабат, фойенин оң тарабында). Тел: 57-63-80.

Ленин районунун акиминин жеке кабыл алуусу жума сайын бейшемби күнү саат 15:00дө алдын ала жазылуу боюнча өтөт, кабыл алууга  (0312) 656905 телефону аркылуу жазылса болот.

Эске салсак, Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жеке кабыл алууларды өткөрөт. - (0312) 36-01-93 телефону аркылуу алдын ала жазыла аласыз.