Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3 фаза) долбоору боюнча кытайлык компаниянын эксперттик тобу менен жолугушуу өттү.

Катышуучулар Бишкек шаарындагы транспорт түйүндөрүн, өтмөктөрдү жана көпүрөлөрдү куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин талкуулашты.

Борбор калаанын көпчүлүк жолдору өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө жетип, ашыкча жүктөө режиминде иштеп жатат.

Жол тармагын өнүктүрүү боюнча программаларды жана негиздемелерди иштеп чыгууда учурдагы жолдорду модернизациялоо жана жаңы жолдорду  куруу боюнча иш-чараларды деталдуу пландаштыруу маанилүү милдет болуп саналат. Натыйжада оңдоого, реконструкциялоого жана жаңыдан курулууга тийиш болгон объекттердин титулдук тизмелери түзүлүүгө тийиш.

Эске салсак, «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоору 1-фаза жана 2-фаза ийгиликтүү аяктаган. Ишти подрядчы – “China Road and Bridge Corporation” компаниясы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзгөн.

Узундугу 164,3 км болгон 109 жол, 11 көпүрө, 1 өтмөк курулган. 23 көчөдө жолду реконструкциялоонун жаңы технологиясы колдонулган.