Жарыяланган “Гендердик зомбулукка каршы жигердүү иш-аракеттердин 16 күнү” акциясынын алкагында кыздарды өзүн-өзү коргоо ыкмаларына үйрөтүүнү уюштуруу максатында Свердлов районунун Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин базасында мектеп  окуучулары жана кыздары үчүн сабактар өткөрүлдү.

Сабактар өзүн-өзү коргоонун негизги принциптери менен таанышууга, кооптуу учурда өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоо кыймылынын негиздерин үйрөнүүгө багытталган, ошондой эле иш-чара  эркин күрөш жана таэквондо боюнча машыктыруучулардын көзөмөлүндө өткөрүлөт.

Иш-чарага Свердлов районунун акими жана борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.