Өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинде муниципалдык кызмат көрсөтүүчү Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн адистери үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин жана алардын стандарттарын иштеп чыгуу боюнча окутуучу тренинг өткөрүлдү.

Окутуу Бишкек шаарынын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги менен "Өнүктүрүү саясат институту" коомдук бирикмесинин ортосунда кол коюлган меморандумдун алкагында, ошондой эле протоколдук тапшырманы аткаруу максатында уюштурулду.

Тренингдин максаты-Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын кошумча тизмесинин кызмат көрсөтүүлөрүнө административдик регламенттерди иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн адистеринин потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Тренингдин катышуучулары муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча административдик регламенттерди кабыл алуу жана бекитүү боюнча толук билим жана көндүмдөргө ээ болушту. Ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча административдик регламенттерди иштеп чыгуунун механизмдери, ыкмалары, формалары жана инструменттери боюнча билим алышты, калктын социалдык жактан аялуу катмарынын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурушту.