Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинде жана борбор калаанын райондук администрацияларында жер мунапыска кирген объектилер боюнча комиссиялар ишин баштады.

Биринчи май райондук комиссиясында 150 материал каралды, башка жактарга менчик укугу бар 11 арыз канааттандырылган жок, бир арыз райондук акимчиликке жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти менен бирге кароого жиберилди,  ошондой эле 3 материал департаментке жөнөтүлдү, 6 материал каттоо күбөлүгүн алуу үчүн «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде каралат.

Ленин району боюнча 200 материал каралып, анын 18и мыйзамдаштыруудан баш тартылган, 5 материал жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине кайра кароого калтырылган, жер участогунун чектерин аныктоо  жана шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу үчүн 177 материал жалпы тизме менен «Бишкекбашкыархитектура» МИге жөнөтүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичирайону, 57  (Жеке туак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) дарегинде кабыл алынат. Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.

Маалымдама: Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы №291  «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун  негизинде иш алып барышат.