Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев райондун 6 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, анда калктын жашоо-турмушу талкууланып, 2022-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктары боюнча маалыматтар угулуп жана жаңы 2023-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер белгиленди.

“Суроо-жооп” форматында өткөн жолугушууларда Ленин районунун тургундары жол оңдоо, жаңы социалдык мекемелерди куруу, тышкы жарыктандыруу, ирригация, борбордук канализацияга туташтыруу, көрктөндүрүү, жол коопсуздугун, ошондой эле, кошуштарды газдаштыруу жана суу менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүштү.

Ленин районунун тургундары жыл бою райондун аймагында курулуп жаткан жаңы мектептердин, бала бакчалардын, жолдорду оңдоо жана скверлерди куруу иштерде жигердүү иш алып барып жаткандыгы үчүн район башчысына ыраазычылыктарын билдиришти.

Жолугушулардын жыйынтыгы менен район башчысынын тургундар менен жолугушуусунда айтылган маселелерди чечүү боюнча тапшырма-планы түзүлдү. Жолугушууларга жалпысынын 400дөн ашык адам катышып, 135 суроо узатылган.