Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тышкы жарнакты иретке келтирүү боюнча рейддерди өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө Кулатов көчөсү менен Ибраимов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин 75 жарнама  баннери демонтаждалды. Буга чейин комиссия жарнама жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү  тараткан.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Рейддик иш-чаралар иш-планга ылайык жума сайын өткөрүлүп турат.