Бишкек шаарындагы бардык мектептерде залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматов ар дайым биз менен” деген темада класстык сааттар уюштурулду.

Окуучулар концерттик номерлерди, көргөзмөлөрдү уюштуруп, чыгармалардан үзүндүлөрдү окушту.

Чынгыз Айтматовдун чыгармалары адамды тарбиялайт, курчап турган дүйнөнүн кооздугун сезүүгө үйрөтөт.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында ишке ашырылды.