“Кабар” маалымат агенттигинде 16 күндүк “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу боюнча активдүүлүк” акциясынын алкагында маалымат жыйыны болуп өттү.

Конференцияга мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын ИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Мирлан Асилов, Социалдык өнүктүрүү департаментинин  директорунун орун басары Лариса Губина, Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Арсен Абдылдаев катышты.

Катышуучулардын айтымында, билим берүү уюмдарында окуучулар арасында «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!», «Бизди курчап турган дүйнө», «Мен жана коом» ж.б темаларда дил баяндар, класстык сааттар өткөрүлдү.

16 күндүк акцияны колдоо максатында шаардын аймагында «Ачык күрөң» флешмобу өттү.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу билим берүү мекемелер союзунун ассоциациясы, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектептердин социалдык педагогдору үчүн "мектеп чөйрөсүндө зомбулукту алдын алуу" темасында семинар уюштурулду.

Шаардын мектеп окуучулары "Сейтек" балдар чыгармачылык борбору даярдаган "Чырпыктан чынар" спектаклине, ошондой эле толеранттуулук, түрдүү улуттагы элдердин манипуляциясынын кесепеттери, улуттар аралык чыр-чатактарды тутандыруу жөнүндө (К.Кожомкул атындагы спорт сарайында) КР элдик артисти Жамалкан Сейдакматова атындагы "Тунгуч" жаштар театры даярдаган "Нафс" спектаклине барышты.

Эскерте кетсек, маалыматтык кампания 25-ноябрда башталып, аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күрөштүн Эл аралык күнүнө жана адам укуктарынын Эл аралык күнүнө карата башталган. Кампания учурунда бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн: зордук-зомбулуктан жана кордук мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунун психологдору Бишкек шаарынын 5 лицейинде кыздар үчүн гендердик зомбулук темасында, эрте нике, жардам сурап кайда кайрылуу керектиги тууралуу жолугушууларды өткөрүштү.