“Мектеп лигасы”  программасынын алкагында борбор калаанын жалпы билим берүү мекемелеринде жана гимназияларында мелдештердин райондук  этабы өттү.

Мелдештер спорттун кичи-футбол, волейбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси, ордо, спорттун стандарты, бадминтон, балдар жеңил атлетикасы боюнча өткөрүлдү.

«Мектеп лигасын» уюштуруу, даярдоо жана өткөрүү жалпы жетекчиликти улук спорт инструкторлору, райондук кураторлор тарабынан жүргүзүлдү.

Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине тиешелүү даражадагы медалдар, дипломдор, кубоктор тапшырылды.

“Мектеп лигасынын” шаардык этабына райондук этаптарда 1-4-орундарды ээлеген командалар катышат.