Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти ишкерлерден 2022-жылдын 25-декабрына чейин муниципалдык мүлктү пайдалануу үчүн келишимдик мамилелер боюнча ижара төлөмдөрүн төлөөнү суранат.

Төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасынан 0,1% өлчөмүндө туум эсептелет.

Мындан тышкары, департамент ижарачылардын каражаттарынын эсебинен имараттардан жана жайлардан бошотуу жолу менен келишимди бузуу жана жер участогун алып коюу боюнча сот органдарына кайрылууга аргасыз болот.

Урматтуу ишкерлер! Мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти дагы бир жолу муниципалдык мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөөгө чакырат.

Кошумча суроолор боюнча Чокморов көчөсү, 246, 10 кабинет дареги боюнча кайрылсаңыздар болот. Сурап-билүү үчүн телефондор: 0312 454273; 0709840960 WhatsApp.