«Мушкетерлер» спорт клубунда кылыч чабышуу (фехтование) боюнча Бишкек шаарынын кубогу үчүн мелдеш өттү.

Эркектер жана аялдар категориясында 50дөн ашык спортчу күч сынашты. Мелдештер Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментини демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.
Эркектер арасындагы мелдештин жыйынтыгы боюнча:

- 1-орун - Есеналиев Жоодат;

- 2-орун - Бакытбек уулу Илим;

- 3-орун - Исламов Рустам жана Лукьянов Василий (бешсайын).

Аялдар арасында:

- 1-орун - Кеңешова Акак;

- 2-орун - Токтогулова Айпери;

- 3-орун - Абдыл-Хамитова Камиля жана Геттуева Екатерина.

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.