№40 мектептин базасында №22 мектепке чейинки билим берүү уюму “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына  STEAM технологияларын бекитүү жана ишке киргизүү. Көйгөйлөр жана перспективалар” аттуу семинар өттү.

Семинарга Ленин районунун жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык директорлору катышты.

№22- бала бакчанын тарбиялануучулары ОРБИТАЛ 3+ балдар технопаркында жана Экоорбитал паркында  жандуу жана жансыз жаратылыш менен эксперимент жасап, өз иштерин көрсөтүштү.

Иш-чаранын максаты - жаңы инновациялык билим берүү технологияларын, тактап айтканда, STEAM технологиясы аркылуу ОРБИТАЛ 3+ балдар технопаркын жайылтуу  болуп саналат.