Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлери КРВИ менен кайрылган бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүүнү улантышууда.

Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын буйругу менен кайрылуулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору эпидемиялык мезгилде ишемби күнү саат 08.00дөн 18.00гө чейин жана жекшемби күнү саат 08.00дөн 14.00гө чейин иштейт.

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин 118 ишеним телефону иштейт, ал бардык кайрылгандарга консультациялык жардам көрсөтөт.

Балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында ҮМБнын медицина кызматкерлери 2 нөөмөт менен ишемби жана жекшемби күндөрү саат 08.00дөн 20.00гө чейин Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык  ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө  нөөмөт иштерин улантууда.

Урматтуу ата-энелер! Курч респиратордук инфекциянын белгилери бар балдар үйдө болушу керек жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана мектептерге барбашы керек.

Оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо, дарыгерге кайрылуу зарыл, анткени рационалдуу өз убагында тандалган терапия тез жана туруктуу айыгуунун натыйжалуу жолу болуп саналат.

Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун  каттоо жайларынын актуалдуу телефондору:

* №1 ҮМБ - 0312 64 45 42;
* №2 ҮМБ - 0312 21 03 57;
* №3 ҮМБ - 0312 32 52 32;
* №4 ҮМБ - 0312 43 39 07;
* №5 ҮМБ - 0312 63 51 23;
* №6 ҮМБ - 0312 57 02 84;
* №7 ҮМБ - 0312 66 20 44;
* №8 ҮМБ - 0312 42 69 62;
* №9 ҮМБ - 0312 21 17 32;
* №10 ҮМБ - 0312 67 82 74.