Свердлов акимиатында райондун башчысы Максатбек Саргазаков Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Сурапбаев жана Таалайбек Усубалиев болуп 2023-жылга карата аткарыла турган иштердин пландарын жана милдеттерин талкуулашты.

Район башчысы 2022-жылдын 11 айында муниципалдык администрация тарабынан аткарылган иштерге токтолду депутаттар өз кезегинде райондун турмушунун ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча суроолорду беришти.

Ошондой эле, депутаттарга жана жыйындын катышуучуларына райондун 2023-жылга карата милдеттери жана МАБдын инфраструктурасын жакшыртуу, жолдорду, тротуарларды оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, калкты электр энергиясы менен камсыздоо, бала бакча, балдар аянтчаларын куруу, канализация, сугат тармактарын реконструкциялоо жана  башкалар боюнча маалыматтар көрсөтүлдү.

Жыйынга башчынын орун басарлары, муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлери, МАБдын жетекчилери жана МАнын бөлүм башчылары катышты.