Ленин районунун администрациясында  2022-жылдын 11 айында “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы тарабынан Ленин районунун аймагында аткарылган иштери жөнүндө жана  Ленин районунун аймагында балдарга акысыз сүт азыктарын алуу үчүн документтерди тариздөө боюнча маалыматтр каралды.

Жыйындын соңунда “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын начальнигине канализация тармактарын баланска кабыл алуу маселесин кароо тапшырылды. Ошондой эле №1 ҮМБнын директорунун орун басары, Ленин районунун СӨБ жана МАБдар менен биргеликте  Ленин районунда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын акысыз сүт азыктары менен камсыз кылуу максатында биргелешип иш алып барууну жана акысыз сүт азыктары алуу үчүн документтерди даярдоодо жана маалымкаттарды алууда ар тараптан көмөк көрсөтүү тапшырмалары берилди.

Биринчи май акимчилигине башчынын орун басарлары, шаардык жана райондук кызматтардын жана МАБдын башчылары катышты.

Жыйындын катышуучулары жаңы жылды майрамдоого даярдык, райондун санитардык абалы, коомдук-саясий абалды талкуулашты.

Талкуунун жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга чарба субъектилердин жана уюмдардын арасында жаңы жылдык жасалгалоо иштерин жүргүзүү, жанаша жайгашкан аймактын санитардык абалын сактоо боюнча рейддерди өткөрүү, катуу таштандыларды өз убагында чыгарууну күчөтүү боюнча жана  калк арасында электр энергиясын үнөмдүү пайлалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.