Бишкектеги жашы улгайган жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесинин 61 жылдыгынын урматына "Активдүү узак жашоого заманбап мамиле" илимий-практикалык конференциясы уюштурулду.

Жолугушуу коммерциялык эмес билим берүү мекемесинин "Кыргыз Республикасынын эл аралык университети" окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин акт залында өттү.

Бишкектеги жашы улгайган жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесинин директору Эркингүл Абдылдаева сөз сүйлөп, андан кийин мекеменин ишмердүүлүгү жөнүндө  "Биздин иш күндөрүбүз " соцролик көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү, Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Исмаилова чыгып сүйлөштү.

Департаменттин директору Бишкек шаарынын мэриясынын атынан  генератор сатып алууга бир миллион бир жүз миң сом суммасындагы сертификатты тапшырды, ошондой эле мекеменин  кызматкерлерин ардак грамоталар тапшырылып,  "Авигея "ЖЧКсы  жана жеке ишкер  Бортоев Данияр  мекемеге колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык каттары менен сыйланды.

Акимиаттын Ардак грамоталары менен мекеменин мыкты кызматкерлери сыйланышты жана мекемени колдогондугу үчүн ыраазычылык каттары менен "Альянс Мебель" компаниясы жана "Эстокада"автоцентри сыйланды.

Маалымдама: Бишкектеги жашы улгайган жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемеси 1961-жылы түзүлгөн, 230 орунга эсептелген.

Азыркы учурда 220 адам жашайт. Акысыз социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары, үч маал ысык тамак берилет, кийим-кече, бут кийим, биринчи зарылдыктагы буюмдар менен толук камсыздалат.

Ошону менен бирге, мекеменин  алдында паллиативдик жардам бөлүмү иштейт, анда башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон 40ка жакын адам бар.