Октябрь акимиятында 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгилине өтүү боюнча райондук штаб болуп өттү.

Электр энергиясы, жылуулук энергиясы менен камсыздоо, жылуулук тармактарын эксплуатациялоо, жылуулук жабдуулары, электр тармактары, суу менен камсыздоо жана канализация, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштөөсүнүн учурдагы абалы боюнча маселелер каралды.

Райондук штабдын отурумунун жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө эртең мененки саат 06:00дөн 9:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин электр тармактарындагы максималдуу жүктөм болгон сааттарда электр энергиясын үнөмдөөнү сактоо зарылчылыгы боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Электр энергиясын жана башка кубаттуулуктарды керектөө боюнча лимиттерди сактоо, жылуулук тармактарынын, жабдуулардын жана отканалардын  иштешине көзөмөл жүргүзүү милдеттендирилди.


Урматтуу шаар тургундары!
Электр энергиясын, жылуулукту, коммуналдык кызматтарды керектөө үчүн карыздарды өз убагында төлөө зарылдыгын эскертебиз.
Ошондой эле үй шартында жасалган жылытуучу приборлорду орнотуу жана колдонуу сунушталбайт.