Биринчи май муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков, райондук пробация бөлүмүнүн өкүлдөрү, МАБдын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө пробация кызматкерлери жыл башынан бери 271 пробациянын кардарлары коомдук жумуштарга жөнөтүлгөнүн, 111 кардар сот органдарынын кароосунда экенин билдиришти.

Мындан тышкары  Биринчи май районунан пробация имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү.
Отурумдун жыйынтыгында МАБ менен пробация кызматынын өз ара тыгыз иштешүүсүн камсыз кылуу жана акимчиликтин компетенциясынын алкагында жер бөлүп берүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды.

Маалымдама: Пробация – сот тарабынан белгиленген пробация мөөнөтүнө соттолгон адам атайын органдардын көзөмөлүнө алынуучу шарттуу жазанын түрү.

Пробация төмөндөгүдөй чагылдырууга болот:

- жазык жазасынын түрү;

- альтернативдик жазаны аткаруу системасы;

- кылмыштуулукту алдын алуу  чаралары;

- соттолгондорду оң жолго салуу процесси;

- социалдык-укуктук көзөмөлдөө формасы.

Пробация тергөөдө жаткан адамдын же соттолгон адамдын жүрүм-турумун көзөмөлдөөдөн, ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан, анын жүрүм-турумун оң жолго салуудан, коомго адаптациялоого көмөк көрсөтүүдөн жана анын кайталанма кылмыштарды жасоосуна бөгөт коюудан турат.