Борбор калаада жүргүнчүлөрдү ташууну жакшыртуу жана калкты транспорттук тейлөөнүн коопсуздугун жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин кирешелерин толуктоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде Транспорт департаментинин “Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө” буйругу чыккан.

Муниципалдык ишкананын уставы, түзүмү жана штаттык саны бекитилди. Ишкана Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин алдындагы Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында 2022-жылдын 14-июнунда каттоодон өткөн.

Бүгүнкү күндө, муниципалдык ишкана уставда каралган милдеттерди ийгиликтүү аткарууда. Муниципалдык ишканага 24 шаардык каттамдар бекитилген: 102, 120, 129, 131, 133, 139, 143, 150, 161,168, 173, 176,177, 179, 185, 200, 212, 227, 240, 260,265, 295, 254, 113.

Каттамдын айдоочулары келишимге ылайык, ай сайын 1200 сом өлчөмүндө акча каражатын төлөшөт. 2022-жылдын 1-августунан тартып  2022-жылдын 1-декабрына чейин түшкөн каражаттын жалпы суммасы 3 миллион 537 миң сомду түздү.