Борбор калаада аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер кампаниясынын алкагында масштабдуу иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти эл аралык өнөктүктү колдойт жана борбор калаадагы коомдук транспортто гендердик зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган иш-чараларды биргелешип өткөрүүгө даяр. Айдоочулар курамы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, транспортко плакаттар жайгаштырылат, ал эми жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга Бишкек шаарынын коомдук транспортунда асылуу учурлары менен күрөшүүгө чакырган эскертүүлөр таратылат.

Кампаниянын башталышынын алдында Юнисеф фондунун жана Сорос-Кыргызстандын колдоосу менен ташуучу-фирмалардын жетекчилери менен семинар өткөрүлдү.

Демилгенин максаты - жарандарга транспортто зордук-зомбулукка жана асылууга жол берилбестиги жөнүндө жана жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө ташуучуларга маалымдоо болуп саналат.