13-декабрда Гапар Айтиев атындагы Мамлекеттик улуттук көркөм сүрөт музейинде салтанаттуу иш-чара өттү.

Гапар Айтиев атындагы Мамлекеттик улуттук көркөм сүрөт музейине “Дух Божий” көркөм-скульптуралык чыгармаларды  тапшыруу аземи өткөрүлдү. Автору - белгилүү орус скульптору Александр Самвел. Россиянын Сүрөтчүлөр союзунун, Эл аралык сүрөт искусство ассоциациясынын – АИАП ЮНЕСКОнун мүчөсү.

Композицияны «Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму» коомдук бирикмесинин президенти» Аскар Айтматов жана Екатеринбургдук меценат,  «Дубровин» куюучу үйүнүн ээси  Иван Дубровин тартуулашты.  Бул кайрымдуулук акциясы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Россия менен Кыргызстандын кайчылаш жылынын жабылыш аземине карата өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында номинанттарга Ч.Айтматов атындагы медалдарды тапшыруу аземи да уюштурулду.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровго  Ч.Айтматов атындагы медаль ыйгарылды. Аны калаа башчысына берүү  үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековго тапшырышты. Жылды жыйынтыктап жатып, биз быйылкы жыл Кыргызстан менен Россиянын достугунун жылы болду деп ишенимдүү айта алабыз.