Шаардык “Диалог” маданият үйүнүн концерттик залында Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин балдар искусство мектептеринин окуучуларынын арасында “Жаш таланттар-2022” кароо-сынагы өттү.

Сынакка жалпысынан борбор калаадагы балдар искусство мектептеринин 7 жаштан 18 жашка чейинки 48 окуучусу 4 номинация боюнча катышты.

14-декабрда "Диалог" маданият үйүндө 23 жеңүүчүнү жана 23 мугалимди сыйлоо аземи менен гала-концерт өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин акчалай сыйлыктары жана Ардак грамоталары тапшырылды.

Калыстар тобуна кирген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери: Адил Чекилов, Рыскелди Осмонкулов, Гүлнара Тойгонбаева, Юлия Руцкая жана Жанета Баялиева сынактын катышуучуларына баа беришти.