Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн пенсиялык күбөлүктөрүн текшеришти.

Тактап айтканда, кээ бир жүргүнчүлөр каза болгон жакындарынын пенсия картасын, мектеп окуучулары чоң ата, чоң энесинин пенсия картасын, ал эми кээ бир ата-энелер мектеп жашындагы балдарынын картасын мыйзамсыз колдонуп келишет.

Жалпысынан рейд учурунда жеңилдетилген жол жүрүү карталарын колдонуу эрежесин бузган 10дон ашык жүргүнчүлөр аныкталды. Алардын жол жүрүү карталары алынып салынды.

Рейд таңкы саат 06:00дөн 20:00гө чейин өткөрүлдү.

Урматтуу жүргүнчүлөр! Эгерде сиз пенсионер жана мектеп окуучулары болбосоңуз, жол киренин толук төлөңүз! Коомдук транспортто жүрүү эрежесин бузгандарга жаза колдонулат!