"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.

Ишкананын кызматкерлери аялдамаларда техникалык туз үчүн атайын челектерди орнотуп жатышат.

Ар бир райондо 17 даана челек орнотулат. Жумушка 8 жумушчу жана 4 бирдик атайын техника тартылган.

Шаардын тазалыгын камсыз кылуу үчүн бүгүн линияда 632 тазалоочу, 212 жүктөгүч жана 93 атайын техника иштеп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! Тазалыкты сактап, борбордун муниципалдык менчигине кам көрүүнү суранабыз.