Ленин районундагы №186-мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балкондорду реконструкциялоонун эсебинен 4 тайпага – орто, 2 жогорку жана даярдоо тобуна 120 чарчы метр кошумча аянт пайдаланууга берилди.

Кошумча аянтча  балдардын ийримдик чыгармачылык ишмердүүлүгү үчүн иштейт.

Балдарды декоративдик искусствого үйрөтүү үчүн Стем-Арт-Студия  ачылды.

Мугалимдер балдарга манжа театрынын атрибуттарын, кол өнөрчүлүктүн бардык түрлөрүн жана түстүү кийизден майрамдык жасалгаларды жасоону үйрөтүүгө кубанычта.

Студиянын иши колдун майда моторикасын, балдардын эстетикалык кабылдоосун өнүктүрүүгө багытталган.

Ийримдин иши  президент Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жүргүзүп келет.