Борбор калаада муниципалдык ишканалар жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ошентип, «Бишкекжашылчарба» МИ кошумча жашылдандыруу кызматкерлерин ишке тартты.

Азыр Биринчи май районунда 32 убактылуу жумушчу кызуу эмгектенүүдө. Эркиндик бульвары Түгөлбай-Ата көчөсүнөн  Жибек-Жолу проспектине чейин 12 гектар жер, Жибек-Жолу проспектиси   Манастан проспектисинен  Фучик көчөсүнө чейин 3,2 гектар, Манас көчөсүндө  Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин 3,25 гектар, Фучик көчөсү Рыскулов көчөсүнөн Аска-Таш аянтына чейин 1,2 гектар, Тыныстанов көчөсү Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин 1,2 гектар, Абдрахманов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин 3,2 гектар  аянттагы көк майсан жалбырактардан, таштандылардан тазаланды.

Эркиндик бульварында Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин 7 км,  Манас проспектинде Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин 3 км,  Тыныстанов көчөсүндө Түгөлбай- Ата көчөсүнөн  баштап Жибек-Жолу проспектине чейин 2,5 км, Абдрахманов көчөсүндө Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу прсопектине чейин 1,8 км, Чүй проспектинде Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин 1,2 км, Горький көчөсүндө  Байтик-Баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине  чейин 2 км сугат тармактары тазаланды.

Тоголок Молдо көчосү Москва көчөсүнөн  Жибек-Жолу проспектине чейин, Жибек-Жолу проспектиси Абдрахманов  көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Горький көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн  Манас көчөсүнө чейин куураган отоо чөптөрдү алуу, тазалоо иштери жүргүзүлүп, 140 тоннадан ашык таштанды чыгарылды.

Белгилей кетсек, шаарда 174 багбан иштесе, анын 88 жалданма жумушчулар.