Ленин районунда төраганын биринчи орун басары Садык Мырзакматов, Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ленин райондук башкармалыгынын, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча УККНнын өкүлдөрүнүн жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин катышуусунда киреше боюнча штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жергиликтүү салыктарды чогултуунун түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын региондук көрсөткүчтөрү каралды.

Берилген маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын 11 айында киреше бөлүгүнө 2312,4 млн сомдук салык төлөмдөрү жана жыйымдары түшүп, план 2142,9 млн сом болсо, аткарылышы белгиленген пландын 107,9%ын түздү же ашыкча 169,5 млн сом  түшкөн.

Жыйындын жыйынтыгында салык кызматтарына райондун жергиликтүү бюджетинин пландык көрсөткүчтөрүн 2022-жылдын аягына чейин аткаруу боюнча комплекстүү иш-чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле, 11 ай боюнча маалымат жана 2022-жылдын декабрь айынын планы Октябрь райондук администрациясында өткөн жыйында талкууланды.

Анда турак эмес жайларга жана имараттарга салыктын 2-топтогу жыйымдарын алуу боюнча МАБдардын жана Октябрь райондук салык кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жыйынтыгы каралды.

Жыл башынан бери 11 айда жергиликтүү бюджетке салык жыйымдарынан жана төлөмдөрүнөн 15991153,2 млн сом түшкөн, план 1507285,9 млн сом, белгиленген пландан 83867,3 млн сомго ашык аткарылган.

Штабдын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелердин күнүмдүк динамикасын күчөтүү жана активдештирүү чечими кабыл алынды.