Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди.

Тактап айтканда, транспорттун санитардык абалы, айдоочулардын жумуш учурунда жүрүм-туруму, гигиеналык каражаттардын жана беткаптардын болушу текшерилди.

Ошондой эле транспорттогу температуралык режимди текшеришти.
Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди.

Бул текшерүү эки жумада бир жүргүзүлөт.