Октябрь акимиаты райондогу мектеп окуучуларынын арасында сергек жашоону калыптандыруу   боюнча иш-чараларды өткөрүүдө.
Ошондой эле мектептерде санитардык эрежелерди бузуу, жугуштуу оорулар, тамеки чегүү, насвай колдонуунун кесепеттери тууралуу жарандарга маалымдоо жана эскертүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш №6 ҮМБнун ден соолукту чыңдоо бөлмөлөрүнүн  кызматкерлеринин жана КММАнын медициналык факультетинин студенттеринин ыктыярчыларынын жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Мектептин дарыгерлери үчүн сабак уюштурулуп, алар мектеп окуучуларынын санитардык-гигиеналык талаптары жана тамактануусу боюнча усулдук колдонмо менен тааныштырылды.

Жалпысынан 4-класстан 11-класска чейин  22 миң окуучу  камтылган.