Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү- кесиптик майрамыңыздар жана келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

Жашоодо -  жарык жана жылуулук ар бир адамдын жашоо сапатынын негизги компоненттеринин бири болуп саналат. Ишканалардын, мамлекеттик мекемелердин, мектептердин, ооруканалардын үзгүлтүксүз иштеши, ар бир үйдүн жылуулугу жана ыңгайлуулугу түздөн-түз сиздердин ишиңиздерден көз каранды.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, өндүрүштүн жогорку натыйжалуулугуна жетүү үчүн тынымсыз аракетиңиздер шаарыбыздын бардык тургундарына өзүлөрүн ыңгайлуу сезүүгө мүмкүндүк берет.

Биргелешкен эмгегиңиздер, ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан  ишиңиздер жана кесипкөй мамилеңиздер үчүн сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Өзгөчө, өз жумуштарын талыкпас эмгек менен аркалап келе жаткан ардагер кызматкерлериңиздерге алкыш айткым келет. Сиздердин талыкпаган эмгегиӊиздердин негизинде энергетика системасы жакшы жолго түшүп, жогорку көрсөткүчтөргө өсүп бара жатат деп ойлойм.   Мындан ары да сиздер өз тажрыйбаӊыздарды жана билимиӊиздерди келечектеги жаш адистерге бересиздер деп тереӊ ишенем.

Ар даймы элибизге, шаарыбызга  жылуулук менен жарык тартуулап жакшы күндөрдө жүрө бериңиздер. Баарыңыздарга бекем ден соолук, бардар турмуш каалайм.  Келе жаткан Жаңы жылыбыз жакшылыктарды, ийгиликтерди алып келсин. Майрамыңыздар куттуу болсун!

Сиздерди терең урматтап Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров