Жаңы жыл алдында Ленин районунун балдары үчүн «Гайд-парк» эс алуу борборуна кезектеги экскурсия уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Гайд Парк” эс алуу борбору менен биргеликте Ленин районунундагы  №22  атайын орто мектебинин 20 баласына кызыктуу саякат уюштурулду.

Балдар ат минип, зоопарктагы жаныбарларды көрүштү жана  балдар үчүн  тамак уюштурулду.  Окуучулар  позитивдүү эмоцияларга ээ болуп, жакшы маанай менен  кайтышты.

Борбор калаанын мэриясы «Гайд Парк» эс алуу борборунун администрациясына кабыл алып, жакшы экскурсия үчүн ыраазычылык билдирет.