№40 орто мектепте хореографиялык зал ачылды.

Хореографиялык залдын жалпы аянты 196 чарчы метрди түзөт.

Ачылыш аземге Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова, Ленин райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова жана хореографиялык ийримге барган балдардын ата-энелери катышты.

Учурда ийримге 55 окуучу катышууда.