Ак-Босого конушунун Чүй 41 көчөсүндөгү аянтчага 130 түп ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.

Жашыл белек БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюму тарабынан жасалган.

Көчөт отургузууга аталган конуштун тургундары, Биринчи май акимчилигинин, мекеменин өкүлдөрү катышты. Көчөт отургузуу үчүн жерлерди борбор калаанын багбандары “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери даярдашты.

Белгилей кетсек, Биринчи май акимчилиги менен БУУнун алдындагы миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, жаңы сквер курулуп жатат. Сугат арыктары коюлуп, тротуардын негизи орнотулуп, топурак жана бордюрлар алынып келди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) күнүнө карата БУУдагы Эл аралык миграция уюму шаарга 70 түп жалбырактуу дарактардын, анын ичинен 40 түп кайың жана 30 ийне жалбырактуу бактардын көчөттөрүн тапшырган.