Биринчи май районунун аймагында уруксатсыз орнотулган курулуштарды аныктоо иштери уланууда.

Ишти жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын, Биринчи май акимиатынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана МАБдардын  өкүлдөрү жүргүзүүдө.

Бугу-Эне-Багыш жаңы конушунда белгисиз адамдар пескоблоктон  пайдубал тургузушкан. Бул фактынын негизинде баскынчылардын өздүгү такталууда.

Ак-Босого конушунун  Чүй 58 көчөсүндөгү   №44 жер тилкесинде уруксаат документтери жок турак жайдын курулушу башталып, менчик ээлеринин өздүгү такталып жатат.

Мурас-Ордо конушунун №2254 тилкесинин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин,  мыйзамсыз курулган пайдубалды  үй ээлери өз ыктыяры менен алышты.

Бул жаатта текшерүү иштери уланууда.

Урматтуу шаар тургундары! Турак жай куруу эрежелерин сактаңыз, антпесе бузуу иштери жүргүзүлөт.

Иш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жер участокторун мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча” Жарлыгынын алкагында жүргүзүлүүдө.