Ленин районунун №84- Садыков атындагы орто мектебинде Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кыргыз-Германия техникалык институтунун телематика кафедрасы DAAD программасынын колдоосу менен Deutsch und Telematik долбоорунун алкагында , робототехника жана немис тили боюнча сабактарды өткөрүштү.

Сабакты телематика кафедрасынын башчысы жана  3-4-курстун студенттери өткөрүштү.

4 күн бою окуучулар  робототехника жана программалоо боюнча долбоорлорду даярдап, көрсөтүштү.

Төрт күндүк курста окуучулар практикада өз колдору менен түрдүү долбоорлорду иштеп чыгышты. Курс окуучулардын  аң-сезимин жана билимге болгон кызыгуусун арттырды.

Окуу Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.