Чүй проспектиси боюнча суу түтүктөгү авариялык тармакты алмаштыруу боюнча иштер бүткөрүлдү.

«Бишкексууканал» ӨЭБсынын адистери тарабынан Чүй проспектиси, 115А дареги боюнча муздак суу менен жабдуунун авариялык участогун алмаштыруу боюнча иштер бүткөрүлдү.

Аны жоюу үчүн 12 сааттан ашык убакыт кетти. Түтүк аялдаманын астында болгондуктан ишти жүргүзүүдө кыйынчылыктар болду. Мындан сырткары, аялдаманын астынан башка дагы бир катар коммуникациялар жаткырылган.  Жол инфратүзүмүнүн асфальт кыртыштарын бузбаш үчүн «түтүктөгү түтүк» ыкмасын пайдалануу чечими кабыл алынды. Ушул ыкманы колдонуу автомобилчилердин кыймылын токтотпоого мүмкүндүк берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ушул участоктогу бир нече көп батирлүү үйдү ичүүчү суу менен камсыздаган диаметри 89мм болгон 50 метр аралыктагы чоюн түтүгү алмаштырылды.

Авария болгон жерде «Бишкексууканал» ӨЭБсынын Суу менен жабдуу кызматынын үч бригадасы жана бир нече бирдиктеги техникасы иштеди. Жүргүзүлгөн оңдоо иш-чаралары бир кыйла суу менен жабдууну жакшыртарын белгилеп кетүү керек.